Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызча сүйлөгөн Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди үй ээсин сыйлоого чакырды.
Москвадагы басма сөз жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен журналисттин ортосунда кыргыз тилиндеги суроо-жооп болгон. Анда Лавров "кечиресиз, сиз үй ээсин сыйлап коюшуңуз керек. Макулбу? Бул бардык маанисинде" деген. Бул социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат.
Саясий серепчи Алмаз Тажыбай "Орусияга көз каранды экенибиз далил болду" деген пикирин SUPER.KG порталына билдирди.
"Алмазбек Атамбаев 2014-жылы көп тараптуу мамилени бууп салган. Орусия биздин стратегиялык биримдик деп көп тараптуулукту бууп койгонбуз. Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде 2018-жылы тышкы маселелер боюнча ар тараптуу концепцияны кабыл алган. Бирок ал аны ишке ашырууну жылдырып койгон. Орусиянын кыжырын келтирбейин деп мөөнөтүнүн аягында ишке ашырам десе керек. Лавровдун айтканы көз каранды экенибизге далил болду. Кыргыз өлкөсүнө орус министри келсе, ага орусча суроо берилсе биздин министр андай сөздү айта албайт да. Антип биз айта албагандан кийин көз карандыбыз", - деди ал.