Сот БШКнын кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилеген чечимин жокко чыгарды

Административдик сот Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрадан шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилөө чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова отурумда билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин "Актив" партиясы жана Демократия жана жарандык коом коалициясы Бишкек административдик сотуна кайра шайлоо өткөрүү чечимин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылышкан. "Сот аны канааттандырып, кайра шайлоо дайындоо жөнүндө чечимди жокко чыгарды. Азыр бизде кворум чогулбай жатат, анткени айрым мүчөлөр сурак берип жатышат. Ошондуктан кесиптештер чогулса ушул маселени кароону сунуштайм. Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардан документтерди кабыл алууну токтото турат. Бирок Жогорку Сот башка чечим чыгарып, ишти улантууга мүмкүнчүлүк болсо, биз бул убакытты эске алабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан