20-21-сентябрь күнү Польшанын Белосток шаарында өткөн алыш күрөшү боюнча 12-ирет өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар 10 медаль тагынып командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрь күнү өткөн маалымат жыйында алыш күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди. Алтын медалдарды Чыңгыз Турдуев, Мырзабек Кочкоров, Кубаныч Макешов, Канимет Барпыбеков жана Нурбек Аканов тагынса, күмүш менен Шүкүрүлло Равшан уулу менен Эламан Арстанбек уулу сыйланса, Дөөлатбек Сапарбек уулу менен Руслан Таабалдиев коло медаль тагынды. Ал эми кыздар арасында Нагира Сарбашова финалда бутунан жаракат алып, күмүш медаль менен чектелди.