"Рамос мыкты" "Эль-Класико" "Реал Мадрид" клубунун жеңиши менен аяктады

Бүгүн, 24-октябрда дүйнөнү экиге бөлгөн мадриддик "Реал" менен каталондук "Барселона" клубунун беттеши болуп өттү. Беттеш Испания чемпиондугунун алкагында (Ла Лигасы) Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда орун алды.

Оюндун биринчи бөлүгү бирдей ыргакта орун алып, эки команда тең бири-бирине арты-артынан чабуул уюштуруп жатышты. Оюндун 5-мүнөтүндө "Реалдын" уругвайлык жарым коргоочусу Федерико Вальверде эсеп санын ачса, көп өтпөй эле "Барселонанын" жаш чабуулчусу Ансу Фати эсеп санын теңеди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө мадриддик команда топко көбүрөөк ээлик кылып, кооптуу чабуулдарды уюштуруп жатты. Оюндун 63-мүнөтүндө "Реалдын" капитаны Серхио Рамос пенальтиден эсеп санын өзгөртсө, 90-мүнөттө "Реалдын" хорватиялык жарым коргоочусу Лука Модрич эсеп санын 3:1ге айлантты.

Муну менен "Реал" клубу Ла Лигада 13 упайы менен биринчи орунга чыкса, "Барселона" клубу 7 упайы менен 10-орунда келе жатат.

"Барселона" - "Реал Мадрид" (1:3);

Голдор: Федерико Вальверде (5-мүнөттө), Ансу Фати (8-мүнөттө), Серхио Рамос (63-мүнөттө), Лука Модрич (90-мүнөттө).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Soke-covid19
2020-10-24 22:56:25
Судья га Рахмат айтып уктагыла эми,биз бой коргону кеттик
+3
yrys2000
2020-10-25 00:04:15
Soke-covid19 эн туура реал чычаалактар постоянно судия к.т турбайбы
0
aksy.1989
2020-10-25 11:19:10
Soke-covid19, Эми барга тарткандай тарпады да
Псж барсанын оюну кандай болгонун баары билсе керек
+1
Kubanychbek9898
2020-10-25 13:36:13
Реал кучтуу ойноду,женилгенди да билиш керек барселоначылар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан