
Парламенттик шайлоо кийинки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр
Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 10-январда президенттик шайлоо болот. Андан кийин, Кудай буюрса, реформалар жүрүп, парламенттик шайлоо өтөт", - деп жазылат маалыматта.