Садыр Жапаров жергиликтүү жамааттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы - жергиликтүү жамааттардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасында расмий түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы 1991-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” тарыхый мыйзамды кабыл алуу менен башталган.щ

Бул майрамды биз жылда мол түшүмдүү күз айларында белгилейбиз, себеби өкмөттүн 2003-жылдын 6-мартындагы токтому менен ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшембиси Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү жамааттарынын күнү” деп белгиленген.

Ошондон бери коомчулуктун кеңири катышуусу менен жергиликтүү иштерди башкаруунун жетишерлик эффективдүү системасы түзүлүп, элибиздин чыгаан уул-кыздарынын эмгегинин натыйжасында элдин ишенимин арттырып келүүдө.

Акыркы учурдагы коомдук саясий абал жалпы элибизден өзгөчө биримдикти, ынтымакты, тартиптүүлүктү талап кылат. Андан тышкары дүйнөнүн канча мамлекеттерин каптаган коронавирус илдети биздин өлкөгө да келип жетип, элибизге кыйынчылыктарды жаратты. Бул жагдайда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу чоң экендигин баса белгилеп кетүү зарыл.

Кыргыз өкмөтү тарабынан илдет менен күрөшүү багытында иштер уюштурулуп, коомдун алдыӊкы катарында күнү-түнү талыкпай жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери оор шарттарда тынбай иштеп, атуулдук парзын жана кызматын шартка ылайык так аткарып, ошону менен бирге айыл чарба иштери дагы толугу менен жүргүзүлдү.

Албетте, бул иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү жамааттардын, кеңири коомчулуктун аракеттери менен жүзөгө ашырыла турган иштер. Ошондуктан бул иш-чараларды аткарууда сиздер четте калбайсыздар деп терең ишенем", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан