Бишкекте уюлдук телефондорду уурдоого шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине Ш.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 14-сентябрда саат 14:50 чамасында "Дордой" базарында болуп чөнтөгүнөн 9 миң 500 сомдук уюлдук телефонун жашыруун уурдап кеткенин айткан. Жыйынтыгында шектүү катары 32 жаштагы Ш.Ч. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.