Өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинен деп тааныштырган мас айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматы өзүн Кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинен деп тааныштырган жасалма күбөлүк менен жүргөн мас айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

25-октябрь күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 01:40 чамасында Чүй кең көчөсү менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Документтерин текшерүү учурунда 1993-жылы туулган К.А. аттуу жаран Кылмыштуулук жана корупцияга каршы күрөшүү комитетинен иштегендиги тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн. Ошондой эле мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган.

Азыркы учурда унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочу жасалма документ алып жүргөндүгү үчүн Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан