Баңгизаттарды ташыган туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташты.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунда жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сактоого шектелип Лейлек районунун 1977-жылы туулган А.Ш. жана1972-жылы туулган Р.К. аттуу тургуну кармалган.
"Кармалган жарандар баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушкан. Андан сырткары кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү гашиш табылып алынды. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.