Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев башка кызматка которулду

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев башка кызматка которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Ал бүгүн администрациянын кызматкерлери менен коштошуп, арыз жазды. Түлөбаев президенттик аппаратка кызматка барары айтылды.

Түлөбаев 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында туулган. Ал 1990-1992-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетинде окуган. 1997-жылы Стамбул университетинин токой чарба факультетин аяктаган. 2001-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун инженер-эколог адистигин бүтүргөн.

1996-1997-жылы Стамбул шаарындагы “Корис интернейшнл” компаниясынын кызматкери;

1997-2000-жылдары өкмөткө караштуу токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;

2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде кеңешчи;

2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында кеңешчи, жардамчы, бөлүм башчысы;

2010-2013-жылдары гезиттердин биринде башкы редактор, саясий баяндамачы;

2013-2018-жылдары “Аю холдинг” компаниясынын президентинин орун басары;

2018-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы;

2020-жылы июнь айынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан