"Чечилбеген көйгөйлөр болбойт". Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Кыргыз-Тажик чек арасынын аймагындагы абалды турукташтыруу боюнча маселе талкууланды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрдагы окуя тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орнотуп башташкан. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

Азыркы тапта куруу иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болууда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгиледи.

"Чечилбеген көйгөйлөр болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болот", - деп баса белгиледи ал.

Садыр Жапаров ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чек ара талаштарын тездетип чечүү зарылдыгына токтолду. Ал жакын арада бардык чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барарын айтты.

"Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы керек", - деп баса белгиледи. Садыр Жапаров Баткен облусундагы акыркы чек ара окуясын жөнгө салуу жана Кыргыз өлкөсүндөгү бардык чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо үчүн конкреттүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан