Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ага ылайык, БШК 24-октябрда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнү 2021-жылдын 10-январына белгилегени маалымдалат.

"Конституциялык мыйзамдын негизинде, аракеттеги президент мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын тапшырган убакта бир жумалык мөөнөттүн ичинде Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындаш керек. Ал мөөнөттүн ичинде Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындаган жок. Мыйзам боюнча, шайлоонун мөөнөтү аяктагандын эртеси күнү президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу дайындалды деп эсептелет. Ошого байланыштуу БШК 2 күндүн ичинде добуш берүү күнүн белгилеши керек. Ага ылайык, 24-октябрда БШК тарабынан 2021-жылы 10-январда президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун дайындады. Учурда президенттик шайлоого даярдыктар, аны өткөрүү боюнча уюштуруучулук-практикалык иштер жүргүзүлө баштады", - дейт Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан