Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди (видео)

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районуна жасаган жумушчу сапарында эл менен жолукканда айткан.

"10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрь айынын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы талапкер катары шайлоого катышам. Шайлоодон өтсөм ажо болом, өтпөй калсам араңыздарда жүргөн жөнөкөй жаран болуп калам", - деген ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү 2021-жылдын 10-январына белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан