Юрист: "Конституция боюнча азыркы депутаттардын ыйгарым укуктары 28-октябрда токтойт"

Бүгүн, 26-октябрда көз карандысыз юристтердин тобунан түзүлгөн бирикменин мүчөлөрү брифинг өткөрүп, акыркы кезде жүрүп жаткан саясий процесстерге юридикалык баа беришти.

Брифингдин темасы: "Мөөнөтү жарыяланган шайлоону токтотсо болобу?" деп аталып, жаш юристтер бул боюнча пикирлерин билдиришти.

Искендер Какеев аттуу "Адилет" укуктук клиникасынын юристи мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын узартуу конституцияда каралган эмес деген пикирин айтты.

"Биз жакында эле шайлоону токтотуу боюнча конституциялык мыйзамдар боюнча укуктук анализди даярдап, ЖМКга тараттык. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 22-октябрда кайра шайлоонун мөөнөтүн токтотуп туруу жана конституциялык реформаларды жүргүзүү боюнча токтому кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу тарабынан кол коюлган. Мыйзамда ал 2021-жылдын 1-июнуна чейин токтотулду деп көрсөтүлгөн. Бул мыйзам Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттарынын ыйгарым укуктарын 7 айга созуп жатат. Аталган мыйзамга укуктук анализ жасоонун негизинде биз конституциялык жана мыйзам чегиндеги нормаларды аткаруудагы бир катар бузууларды аныктадык. Алар төмөнкүлөр:

  1. Мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын узартуу конституцияда каралган эмес. Конституцияда мөөнөтү 5 жыл деп гана жазылган. Ал жерде 5 жыл 5 ай же 7 ай деп айтылган эмес. Мындан тышкары конституцияда шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу каралган эмес, демек, депутаттардын ыйгарым укуктарын узартууга да болбойт. Ал эми азыркы иш-аракеттер Конституцияга түзмө-түз каршы келет. Демек, мындай чечим юридикалык күчкө ээ эмес.
  2. Президенттин милдетин аткарып жаткан адамдын ыйгарым укуктары конституция боюнча, шайланган президенттин ыйгарым укуктарына караганда чектелүү болот.
  3. 2020-жылдын 28-октябрында 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат. Демек, бул күндөн тарта Жогорку Кеңеш кандайдыр бир чечимдерди, мыйзамдарды кабыл алууга укугу жок.
  4. Адам укуктары боюнча эл аралык стандарттар жана конституция боюнча бийлик бутактары ачык коомдук талкуу жүргүзүүгө милдеттүү.
  5. Мыйзам боюнча коомдук талкуу мыйзам долбоору ачыкка жарыялангандан кийин, кийинки күнү башталат. Бул абдан маанилүү, себеби аталган мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн 22-октябрда илинди да ошол эле күнү кабыл алынып, кол коюлду. Бирок мыйзам боюнча, мыйзам долбоору 22-октябрда коомдук талкуу үчүн чыгарылса, Жогорку Кеңеш аны талкуулоону жана кабыл алууну 23-октябрда жүргүзүшү керек эле. Юридикалык күчү жок болот.
  6. Конституцияны бузган бардык иш-аракеттер аталган мыйзам долбоорунун юридикалык күчкө ээ эмес экендигин билдирет. Андыктан бул мыйзам долбоорун ишке ашыруудагы бийлик бутактарынын бардык иш-аракеттери дагы юридикалык күчкө жана легитимдүүлүккө ээ болбой калат", - деди Какеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан