Бишкектин Токтоналиев көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 26-октябрда саат 15:30да болгон.
Анда Хонда фит жана Ауди үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы алып кеткен.