Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. "Мен декабрь айынын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы талапкер катары шайлоого катышам. Шайлоодон өтсөм ажо болом, өтпөй калсам араңыздарда жүргөн жөнөкөй жаран болуп калам", - деди Жапаров.
Садыр Жапаров шайлоо алдында ыйгарым укугун токтотсо президенттин милдетин ким аткарат?
Саясат таанучу Марс Сариев бул боюнча SUPER.KG порталына оюн билдирди.
"Садыр Жапаров ыйгарым укугун токтотсо, Жогорку Кеңештин төрагасы президенттин милдетин автоматтык түрдө аткарып калат. Ал спикер болуп калгандан кийин президенттин милдетин аткаруудан баш тарта албайт", - деди ал.
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев мындай учурда жаңы премьер-министр шайланып келерин айтты.
"Парламент дагы жарым жыл иштейт да. Садыр Жапаров ыйгарым укуктарын токтотсо Жогорку Кеңеш жаңы премьер-министрди шайлаш керек болот. Ошол адам президенттин милдетин аткарат", - дейт саясат таануучу.