Кыргызстандык спортчулар Кытайда өткөн казак күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 1 күмүш жан 1 коло медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу Нурбек Кожобеков билдирет. 12 өлкөнүн балбандары катышкан мелдешке Кыргызстандан 4 спортчу катышкан. Анда Мирлан Эралиев (70 килограмм салмакта) финалда казак балбанына утулуп күмүш медаль тагынды. Дагы бир кыргызстандык балбан, белбоо күрөшү боюнча 2013-жылкы Казань шаарындагы Дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону Нурбек Кожобеков (90 кг) жарым финалда утулуп, көңүл жубатчу коло медаль үчүн болгон беттеште жеңишке жеткен.