Милиция кызматкерин башка чаап жиберген окуя. Ош ОИИБи окуянын чоо-жайын айтты (видео)

Ош облусунун Араван районунда милиция кызматкерин башка чаап жиберген окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармакта милиция кызматкерине кол көтөргөн жарандын видеосу тараган.

"Окуя 24-октябрда Араван районунда болгон. Анда кызматкер нөөмөтүн тапшырып, үйүнө келе жаткан учурда жолдон мас абалда ызы-чуу салып жаткан жаранды көргөн. Ал алгач ага эскертүү берген. Кызматкер телефон менен сүйлөшүп алаксып кеткенде келип аны башка чаап, андан ары качмак болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган. Ал мурда дагы жогорудагыдай берене менен эки жолу соттолгон. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-10-26 18:30:34
15 кунго эле камап штраф салып же бир жерге иштетип 1 ай ушундай кылса болот камап бекер элдин эсебинен жеп жаткан туура эмеско
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан