Бишкекте унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда чала таанышы 15-август күнү ишенимге кирүү жолу менен BMW X5 автоунаасын алып, андан соң айткан убадасына турбай белгисиз тарапка из жашырып качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалды. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.