Ош облусунун Алай районунда апасынын өлүмүнө шектелген 16 жаштагы кыздын иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди Алай райондук соту 14-октябрда чыгарган.
Маалымат катчы кыздын иши өндүрүштөн кыскартылганын төмөнкүчө түшүндүрдү.
Окуянын чоо-жайы:
25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Алай районунун Жошолу айыл аймагындагы айылдардын биринде 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, төмөндөгүлөрдү аныктаган. 24-апрель күнү саат 22:00 чамасында 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап жаткан жеринде каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми кылмышка шектүү катары маркумдун кызы кармалып, 2 айга камакка алынган.