Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Шамбала" тасмасы Индияда өтө турган фестивалга катышат

5-12-ноябрь күндөрү Индиянын Калькутта шаарында эң байыркы жана ири делген Калькутта эл аралык кинофестивалы өтөт. Аталган иш-чарага Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган "Шамбала" тасмасы катышат.

Кыргызфильмдин маалыматына ылайык, толук метраждуу "Шамбала" тасмасы сынактык бөлүктө көрсөтүлөт.

"Шамбала" тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак-Кеме" повестинин негизинде тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан