Бишкекте Эркиндик бульварында белгисиз адамдар жыгачтан жасалган павлиндин скульптурасын өрттөп кетишкени маалым болгон. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Интернет булактарына Эркиндик бульварында турган павлин айкелин белгисиз адамдар жок кылуу иретинде өрттөп кеткендиги тууралуу маалымат жарык көргөн. Аталган факты Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 120-беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Азыркы тапта бул жорукка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана шектүүнү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу максатында багыттамалар жана тергөө тапшырмалары берилип, ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешти мекемеден.