Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 8 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү Майлуу-Суу ШИИБине Майлуу-Суу шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшери кайрылган. Маалыматта 7-сентябрь күнү саат 22:20 чамасында Майлуу-Суу шарынын 8 жаштагы тургунун жыныстык мүчөсүнөн кан аккан абалда "Тез жардам" аркылуу ооруканага алып келинип жаткырылгандыгын айткан.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 1991-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну кармалган.
Шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери аяктап, 26-октябрда соттун кароосуна жиберилген.