Эртең, 28-октябрда Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү ант беришет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештеги өздүк булагы билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан азырынча бул тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришти.
14-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланган.