Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мал уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 50 жаштагы тургуну Н.М. жергиликтүү милицияга арыз менен кайрылган. Арызда апрель айында ошол эле райондун Каргалык айыл аймагына караштуу Тагай участкасындагы жайыттан белгисиз адамдар жашыруун 2 баш уй жана 1 баш торпогун уурдап кетишкендигин айткан.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жогорудагы маанидеги арыз менен Тогуз-Торо районунун аймагында жашаган жашоочулардан мал уурулук фактылары боюнча дагы сегиз арыз келип түшүп, алар боюнча да сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Бул ишке шектүү катары Тогуз-Торо районунун тургундары 1995-жылы тулган К.Ж. жана 1991-жылы туулган К.Т. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө шектүүлөр өздөрүнүн кылмыштуу шериктери менен 2020-жылдын жаз айларынан бери Тогуз-Торо районунун аймагындагы жайыттардан жашоочулардын малдарын жашыруун уурдашып, оор жүк ташуучу унаага жүктөп, Сузак районунун аймагына алып барып сатып жүргөндүктөрүн айтышкан. Ошондой эле уурдалган 9 баш мал Сузак районунун чек аралаш аймагынан табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.