Финпол бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген коррупциялык схеманы аныктады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Социалдык фонд менен Мамлекеттик салык кызматынын жогорку кызматтагы адамдары аралашкан коррупциялык иш-аракеттерди аныктады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кызмат адамдары түзгөн коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтирилгени маалымдалат.

"Коррупцияга шектелгендер кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык пайда табуу максатында мыйзамсыз жана туруктуу байланыш түзүшкөн. Салык кызматынын жана Социалдык фонддун өкүлдөрү мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч жараткан кен казуучу компаниялардын бирине артыкчылык шартын түзүп берген. Натыйжада ал компаниядан мамлекеттин бюджетине кошумча салык жана камсыздоо төлөмдөрү түшпөй калган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurbek56
2020-10-27 13:07:20
эркексинер бут баарын чукуп куздургула буйруса бир жылда карыздардан кутулабыз ушул кетиште
+7
zam81
2020-10-27 14:36:32
Садырга ишенбегендерге тан калам мына фактылар Буга чейинкилер не кылды эле жегендер башка
+5
Shabi
2020-10-27 15:02:52
zam81,бул садырдын иши эмес,муну финпол таап жатат.садырын кийин даагы кимди кинодогудай кылып шоу кылып кармасам деп ценарий жазып журот.
-9
Paol
2020-10-27 15:55:56
Shabi,ушинтип сизге окшогон женил ойлуу адамдардын кесепетинен өлкө өнүкпөй жатат!!!
+2
Aguwa
2020-10-27 17:24:56
Shabi,Мынча ичин тар адамсын, бироонун кылганын да коралбайсын! Сага окшогондор эки дуйнодо да ыраазы болбойт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан