Чүй ОИИББи жана Аламүдүн РИИБи тарабынан 6 баш бодо малды уурдоого аракет кылган жарандар Жалал-Абад облусунан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Октябрь айылынан мал уурдоого аракет кылган окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. 20-октябрь күнү белгисиз адамдар жергиликтүү жашоочунун сарайына кирип, бодо малын уурдоого аракет кылышкан учурда, короодо байланган иттин токтобой үргөнүнөн улам үй ээси ойгонуп, сыртка чыккан.
Үй ээси ойгонуп сыртка чыккыча, сарайдан 6 баш малды алып чыгып, алардын жарымын унаага жүктөгөнгө да үлгүрүшкөн. Үй ээси сыртка чыккан учурда, малды таштап качып кетишкен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, кылмышка шектелип 29 жаштагы О.Т. жана 34 жаштагы З.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Кармалган жарандардын Чүй облусунун аймагында дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.