Аламүдүн районунда ири өлчөмдөгү баңгизатты сатуу учурунда Казакстандын жараны кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенген жаранды аныктоо жана анын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине А.Р. аттуу жаран ири өлчөмдөгү баңгизатты сатуу максатында кардар издеп жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн. Натыйжада Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунан баштыктын ичинде таңгакталган, өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү затты сатып жаткан жеринен 1963-жылы туулган А.Р. аттуу Казакстандын жараны кармалган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 37 килограмм 41 грамм гашиш баңги каражаты алынган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши каралып, Биринчи Май райондук соттун токтомуна ылайык, шектүүгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан