Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал уруп, сабоо беренелерине шектелүүдө

Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 21-октябрь күнү Ош ШИИБине "Тез жардам" кызматы тарабынан кабар келген. Анда Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинен денесинде жараты бар 32 жаштагы жаран алып келингендиги кабарланган.

Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө, шектүү И.И. белгисиз тапанча менен коркутуп, уруп, оор абалда мектеп короосуна таштап кеткендигин айткан. Аталган учур боюнча жыйналган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүгө издөө жарыяланган. Ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы башка эки факты менен изделип жаткан.

Биринчиси, ушул жылдын 16-август күнү кечки саат 20:30 чамасында жаранды уруп, денесине залал келтирген. Жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Экинчиси, 17-октябрь күнү саат 13:30 чамасында коркутуу жолу менен 1985-жылы туулган жарандын кол телефонун тартып алган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу иликтенүүдө

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2020-10-27 16:33:51
Бандиттерди бүт тазалаш керек, алардын кереги жок өлкөгө зыяны эле толтура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан