О! Мобилдик оператору мобилдик түйүндүн жардамы менен аралыктагы объектилерди башкарууга жана бизнесте гана эмес, күнүмдүк жашоодогу жумушчу процесстерин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк бере турган «Акылдуу түзүлүш» тарифин жакшыртты. Эми тарифте негизги топтом аяктап калгандыгына карабастан 100 SMS жана интернет акысыз көрсөтүлөт!
Автоунаанын жана үйдүн сигнализациялары, видеобайкоо камералары, транспорттун мониторинги үчүн трекерлер, банкоматтар жана газ түтүктөрүнө орнотулган аспаптар, электр эсептегичтер жана башка тутумдар – бул кишинин такыр катышуусу жок мобилдик түйүндүн жардамы менен иштей турган «акылдуу түзүлүштөрдүн» бир нече гана мисалдары болуп саналат. Муну менен катар мындай жабдуу кишинин болушу кооптуу болгон, мисалга алсак жогорку жана төмөнкү температуралык шарттарда жайгашат. Мындай учурларда атайын жешилбей турган M2M SIM-карталар талап кылынат.
М2М сизге жана сиздин бизнесиңизге эмне үчүн керек?
Ыңгайлуу башкаруу:
Балансты, интернет-трафик жана SMS калдыктарын текшериңиз:
Кантип кошулса болот?
Тарифти каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн кошуп алса болот. Атайын M2M SIM-картасынын баасы – менен 100 сом. Баалар КНС жана СС эске алуу менен көрсөтүлгөн. Тариф тууралуу кененирээк маалыматты o.kg сайтынан билсе болот.
О! Мобилдик оператору инновациялар жана санарип Кыргызстан үчүн!