Ошто көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 15:05те чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 3 өрт өчүрүү бөлүмү, куткаруу кызматы тартылды. Кошумча маалымат берилет.