Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери тарабынан коомдук транспортто уурулук кылган деп шектелген жаран кармалды. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү А.Н аттуу жаран Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 8:00 чамасында Иса Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги маршруттук таксиде бара жатканда белгисиз адам анын сумкасынан кызыл түстөгү наркы 2 миң сом болгон капчыкты жашыруун түрдө уурдап кетүүгө аракет кылган, анын ичинде 5 миң сомдук алтындан жасалган нике шакеги жана 4 миң сом өлчөмүндөгү накталай акча болгон. Андан кийин ал кылмыш болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган.
"Бул факты Октябрь РИИБинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган иш шектүү катары 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. Учурда ушул сыяктуу фактыларга шектүүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.