Оштогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 2 киши жаракат алды. Алардын бири иске катуу ууланган

Оштогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 2 адам жаракат алды. Алардын бири иске ууланып, ооруканага жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алды. Анын бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ал эми экинчи жабырлануучу аймактык оорукананын ыкчам медициналык жардам бөлүмүнө жаткырылды. Ал иске катуу ууланган", - дейт маалымат катчы.

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарындагы Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан өрт чыгып, саат 15:34тө толук өчүрүлдү. Өрт чыккан аймактан 60га жакын адам эвакуацияланганын ӨКМдан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан