
Акыйкатчы
Токон Мамытов бүгүн, 27-октябрда СИЗО-1ге барып, ал жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мурдагы президент
Алмазбек Атамбаев менен №104 камерада жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчылар институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармоо шарттарына дооматы барбы деген акыйкатчынын суроосуна Атамбаев ал жердеги сантехникалык түйүн буга чейин иштебей турган жана түтүктөрдөн суу тамчылап агып турганын белгилеген. Ошондуктан камера ным тартып, жагымсыз жыттан арыла элек.
"Атамбаевдин пикиринде, Азиз Батукаев ЖЭБ жана Кой-Таш боюнча сот отурумдары ачык мүнөздө болуп, ага коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле журналисттердин катышуусу камсыздалышы керек. Тергөө жана сот органдары буга чейинки жетекчилигинин тапшырмасы боюнча атайылап негизсиз, мыйзамсыз түрдө жабык өткөрүп келишкен, себеби коомчулукка ачык-айкын маалымат белгилүү болуп калат деп чочулашкан.
Ошондой эле Атамбаев өз ден соолугу боюнча бүгүн СИЗО-1де медициналык кароодон өткөрүлгөнү жана кан басымы 80/58 болуп түшүп кеткенин маалымдады.
Атамбаев акыйкатчыга кайрылып, аппараттын кызматкерлери тарабынан Кой-Таш окуяларынын башка катышуучуларына Фарид Ниязовго, Канат Сагынбаевге баруунун зарылдыгын суранды.
Ошондой эле жаза мөөнөтүн мындан ары өтөө үчүн чукул арада ЖАМКнын башка мекемесине которулушу керектигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылып, анын үнүн мамлекеттик бийликтин жетекчилерине жана сот бийлигине жеткирип коюуну суранган.
Токон Мамытов жолугушуудан кийин СИЗО-1дин жетекчиси менен жолукту. Жолугушуунун жыйынтыгында, атайын комиссиянын чечимине ылайык, Атамбаев бүгүн СИЗО-1ден 47-түзөтүү мекемесине которулду.