Вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Исмаилованын жакын адамдары билдирди.
Кызматтан кетүүсүнүн себеби белгисиз. Өлкөдө коронавирус илдети аныкталып, өзгөчө абал жарыяланганда Алтынай Өмүрбекованын ордуна ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министрликке сунушталган. Анын талапкерлигин парламент колдоп, ал вице-премьер-министр болуп 1-апрелде дайындалган.
Учурда Аида Исмаилованын өзү менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.