"Үч күндөн бери таппай жатам". Садыр Жапаров кеңешчиси Акылбек Жапаровду жумуштан аларын айтты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кеңешчиси Акылбек Жапаровду жумуштан алат. Бул тууралуу премьер-министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

"Акылбек Жапаровду үч күндөн бери издеп таппай жатам. Жумушка келе элек. Бүгүндөн баштап ал менин кеңешчим болбойт", - деди Садыр Жапаров.

Акылбек Жапаров 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өзүн Садыр Жапаровдун кеңешчиси болдум деп жарыялаган.

Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду таппай жаткандыгын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан