Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаев эки вице-мэрди кызматтан кетирген. Анын бири Алымбек Абдылдаев жумуштан кандайча кеткени тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мен вице-мэрликтен эмне себептен кеткенимди өзүм деле түшүнгөн жокмун. 15 жылдан бери гипертоникмин, кан басымым жогорулап ооруканада жаткан болчумун. Бүгүн мени чогулуш болот мэрияга келип кеткиле деп чакырышты. Чогулушта президенттин админстрациясынан кишилер келип, Балбак Зарлыковичти (ред.Түлөбаев) мэрдин милдетин аткаруучу катары тааныштырышты.
Жарым саат өтпөй Түлөбаев мени кабинетине чакырып, "саясат ушундай болуп жатат Садыр Жапаров 1-2 вице-мэрликтин креслосу керек деп жатат" деди. Мен Садыр Жапаров өзү айтып жатса деп туура түшүнүп, арызымды жазып бердим.
Кайра келип ооруканага жаттым. Келип, түштөн кийин ар кандай маалыматтарды окуп калдым "кал десем, иштеп бер десем болбой кетип калды" жана башка деп, Балбак Түлөбаевдин бул айткандары туура эмес. Мен эч качан жумуштан качкан эмесмин. Өзү 11 жылдан бери күнүнө 6 саат уктап иштеп келебиз, өзгөчө пандемия учурунда күнү-түнү иштедик, шаарда болгону 33 миң жарык бар болчу, 12 миң жарык орноттук, ушинтип иштеп эле жүргөнбүз.
Эми бул жакта мен эч кимди күнөөлөбөйм. Балким, ортодо биз жөнүндө туура эмес маалыматтарды жеткиришти. Иштегениме 2 ай эле болду. Мэрияда көп чарбалар анын ичинен каржы жагы чирип бүтүп калыптыр. Азыр мени ал жакка чакырса дагы иштей турган көңүлүм жок. Мен 10 жыл чоң мекеменин жетекчиси болдум. 1 жыл Бишкек светте болдум мени жүз жолу текшерип жатышат. Эмне үчүн буларды текшербейт деген суроо түшүнүктүү да", - деп билдирди Алымбек Абдылдаев.