Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду

Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улукбек Кочкоров өзү жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

"Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жарлыкка кол койду. Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин кызматтан кетүү жөнүндө арызы кабыл алынды", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан