Өлкөдөгү коррупционерлерге жеген акчасын мамлекетке кайра төгүүгө убакыт берилгенден кийин, атайын келип төгүп кетип жатышат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Камоолор, кустуруулар муну менен эле бүтпөйт. Дагы да болсо уланат. Биз бир айлык убакыт бергенбиз. Коррупционерлер өздөрү билет. Азыр алардын арасында мен ушунча уурдап койдум эле, ушуну төгөйүн, мени мындан ары чакыра көрбөгүлө деп мен жарыя кылгандан кийин келип төгүп жаткандары бар. Мунун бардыгын биз айдын, жарым жылдыктын жыйынтыгы менен жарыялайбыз", - деди Жапаров.
21-октябрда Садыр Жапаров элге болгон кайрылуусунда өлкөдөгү коррупционерлерге кайрылып, аларга мамлекеттен уурдаган акчасын кайра кайтарууга 30 күн убакыт берген. Ошол эле учурда экономикалык амнистияны пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн баса белгилеген.