27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров телеканалдардын бирине кезектеги маегин берип, ал кызматка келгенден бери анын айланасында айтылып жүргөн кептерге байланыштуу суроолорго жооп берди.
"Биринчиден Кеңешбек Дүйшөбев пенсиядагы адам, экинчиден анын Коопсуздук кеңешинин башында отурганга моралдык укугу жок. Анткени ал 2010-жылдагы Ош окуясы боюнча, түштүктөгү коогалаң боюнча жооп бериши керек. Себеби ал ошол учурда Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп турган. Ал учурунда окуянын болуп кетпеши үчүн алдын ала чараларды көргөн эмес. Албетте, бул дагы териштирилет. Ал жоопко тартыла турган адам, анан кантип ал Коопсуздук кеңешинин башында турушу керек?
Ал эми Мусаев генерал адам, аскер адамы. Муну мен жаш, тажрыйбасы мол, Коопсуздук кеңешин алдыга сүрөп алып кете алат деп артыкчылык берип жатам", - деди Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип жатып.