Чүйдө инисин балта менен чаап салганга шектүү деп 69 жаштагы жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда агасы инисинин өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:17 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде Сокулук РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда 69 жаштагы М.А. 64 жаштагы иниси А.Д. менен уруша кетип, аны балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми 69 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mubarak
2020-10-28 10:23:43
Каарыган кезинде,окунучтуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан