Бишкекте балдар бакчасынын от жагуучу бөлмөсүндө меш жарылып, 21 жаштагы жаран жаракат алды

Бишкектин Ак-Өргө конушундагы Ашар көчөсүндөгү №35 "Ай-Тилек" менчик балдар бакчасынын от жагуучу бөлмөсүндө от жагуучу меш жарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1999-жылы туулган эркек киши бутунан жана жамбашынан күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан