Мурдагы президенттер эки жолку революцияда кызматын тапшырбай туруп шайлоого барган. Бул тууралуу кечээ, 27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров телеканалдардын бирине берген мегинде айткан.
Садыр Жапаров шайлоого бара турган болсо, президенттин да, өкмөт башчынын да милдетин өткөрүп туруп катышарын белгилеген.
"Эгер 10-январда кайра шайланып келсем март, апрель айында эле парламенттик шайлоону өткөрөбүз. Аны конституциялык кеңешме менен өткөрөбүзбү же парламент менен өткөрөбүзбү эл менен талкуулап бир чечимге келебиз. Реформаларды жасап бүткөндөн кийин шайлоолорду өткөрөбүз. Мыйзам боюнча, мен шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучулук, өкмөт башчылык милдетимди өткөрүп берип, башкалар менен бирдей шартта шайлоого катышам. Мурдагы президенттер эки жолку революция болгондо президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, кызматын тапшырбай туруп эле шайлоого барган. Ошонун баарын унутуп калып, мага келгенде эле бакырып жатышат.
2016-жылы Атамбаев жалгыз өзү референдум өткөрүп туруп Баш мыйзамды өзгөртүп салган. Аны азыр кыйкырып жүргөндөрдүн бирөө дагы айткан эмес. Бүгүн эч кимиси унчукпайт. Эми мен мыйзамдуу түрдө, конституциялык жолду тандап баратсам, жыгайын деген күчтөр пайда болду. Алар мага карата кара пиарларды уюштуруп жатышат", - дейт Садыр Жапаров.