"Бизди бүткүл дүйнө шылдыңдап жатат! Алысты көрө албаган, саясий толкундоолордун кесепеттерин баамдабаган кандай башкаруучулар? деп жатышат", - деп сөзүн баштады экономист Асылбек Аюпов.
Анын айтымында, Кыргызстанда болуп өткөн укуктук баш аламандык чет өлкөлүк "кен казган" инвесторлордун өкмөттү күч менен алмаштыруунун кесепетинен келтирилген зыянды биздин өкмөттөн өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитраждык сотторго кайрылышына эч кандай тоскоол боло албайт. Дүйнөлүк коомчулукта мыйзамдар, анын ичинде ушул сыяктуу маселелерди чечүү боюнча ченемдер иштейт. Кечээ гана биздин республика менен узак жана жемиштүү кызматташууга ишенгендер так ушундай кадамга барышат.
“Мамлекет инвестициялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык, инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берет. Биз бул мыйзам менен бир жагынан салык салуу жагынан эң либералдуу деп эсептесек, экинчи жагынан мамлекет инвесторго зыян келтирбейт деп төшүбүздү кагып келгенбиз. Ошол эле мыйзамга ылайык, баш аламан түрдө басып алуу аракеттерине, өрттөөгө, талап-тоноого, мүлккө зыян келтиргендерге, келтирилген зыяндын ордун толтурууга, албетте, сотторго кайрылышат, себеби инвесторлор кендерди иштетүүгө эбегейсиз чоң акча жумшаган", - дейт экономист Асылбек Аюпов.
Бул каржылык жана юридикалык маселе деп улантат эксперт. Экинчи жагынан, чоң эмгектин аркасы менен куралгандын баарын жапайы жырткычтардай болуп кыйкырык сүрөөн менен бүлдүрүп, жок кылып жатышса, иштейм деген адамды психологиялык жактан сындырат. Мындан ары бир нерсе жасоого болгон каалоосу жоголот.
"Алар кыйкырып, тынчып калышты - майнап чыкпайт. Себеби мындай көрүнүш Кыргызстанда дайыма, туруктуу, системалуу түрдө болуп жатат. Мындан ары ага чыдай турган күч жок. Ушул көз караштан алганда, туруктуулук жөнүндө, бул жерде тынч иштей алабыз деген кепилдиктер жөнүндө, бул жерде тынчтык болот, инвестор өз тарабынан милдеттенмелерин аткарат, инфраструктураны өнүктүрөт, бюджетти толтурат жана башкалар унутулат.
Көптөгөн тоо-кен компаниялары жаңы гана киреше ала башташкан, башкалар болсо кирешени дароо эле күтүштү. Ошол эле “Жерүй” фабриканы октябрь айында ишке бериши керек эле, мына эми минтип калды. Калыбына келтирүү иштери канча убакытты талап кыларын билбейм, айларды же жылдарды камтышы мүмкүн.
Эреже боюнча, инвесторлордун өз акчалары жок экендигин түшүнүү керек. Ал банктан насыя алат. Ал эми долбоорду ишке киргизүүдө ал киреше алып баштаган убакты, насыяны төлөй баштай турган учурду эсептеп чыгат. Албетте, келтирилген зыян үчүн Кыргызстанды эч ким "кечирбейт", - дейт Аюпов.
Асылбек Нургазиевич кантип ызы-чууну баштап, төңкөрүш процесстерин болтуруп жаткандар келип чыгуучу кесепеттерин эске алышпады, ойлонушпады деп ачууланып да, таң калып да жатты.
«Казына какшып турат. Бюджеттин тартыштыгы 28 миллиард сом. Дагы бир жолу жаңы насыяларды алышыбыз керек, бирок аларды эми бизге бербейт!
Кытай карыздарыбызды кечпейт, Россия каржылоону токтотту. Биз өтө кыска убакыттын ичинде тышкы карызыбызды дээрлик эки эсеге көбөйттүк. Албетте, кырдаал абдан жаман. Ошондой эле өлкөнү кандайдыр бир жол менен ушул абалдан чыгара турган бир дагы кризистик менеджер жок. Аткара тургандар да жок. Бирок ошол эле учурда, бизде Жогорку Кеңеш бар, ал 2 күндүн ичинде легитимсиз болуп калат, бирок дагы алты ай бою бошоп калган бюджеттен айлык алат.
Коркунучтуу парадокс. Буга баары күнөөлүү - азыркы бийлик дагы, мурдагылар дагы. Рейдерлик аракеттерден жана күч менен басып алуулардан улам коркунучка кептелген тоо-кен тармагын коргоо зарылдыгы жаралганда, кээ бирлери өзүнүн статусун сактап калууга аракет кылышты, башкалары өкмөткө жулунушту... Ушулардын баарын карап отуруп, мен эч кандай өзгөчө келечекти көрө алган жокмун. Биз президенттерди кулаткан эң эркин эл экенибизге сыймыктанабыз, бирок ошол эле учурда колубузду сунуп тилемчилик кылабыз”, - деди Аюпов ачууланып.
Акыркы күндөрү "инвесторлорду колдоо" темасында ар кандай конференциялар, жолугушуулар болуп жатканы менен жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө өкмөт тараптап чечкиндүү кадамдар боло элек деп кошумчалады экономист.