Депутат Айсулуу Мамашова Исмаиловага: "Дарыгерлер эмне үчүн компенсациялык төлөмдөрүн ала албай жатышат?"

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда.
Исмаилова депутат Айсулуу Мамашова: "Менин суроом биздин медицина кызматкерлери үчүн төлөнүүчү компенсация төлөмдөрү боюнча. Сиз кабардар болушуңуз керек, Ысык-Ата районундагы дарыгерлер компенсация албаганын айтышууда. Бул эмне менен байланыштуу, эмне үчүн бизде өтө көп сандагы дарыгерлер ооруду жана эмне үчүн аларды дарылоо болгон жок. Анткени бүгүн дагы бул абал кайра кайталанып жатат. Компенсация төлөмдөрү эмне болду жана алар эмне үчүн ар бири төлөм ала алышкан жок?", - деген суроо узатты.

Берилген суроого Исмаилова төмөнкүдөй жооп узатты.

"Компенсация боюнча көйгөйдү эки учурга бөлүп кароо керек. Компенсацияны надбавка деп да атап жүрөбүз кызыл зонада иштегендер үчүн. Ар бир координатор өз аймагы боюнча жооп берет. Табелде компенсация боюнча текшерилген. Азыр бул боюнча комиссия иштеп жатат жана компенсациялык төлөм боюнча 2 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Учурда 200дөн ашуун медицина кызматкерине төлөмдөр төлөнүп берилди. Бирок кээде медицина кызматкерлеринин документтери жок болуп калган көйгөйлөр жаралып калган учурлар болууда", - деди Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан