Депутат Кыдыралиев Сурабалдиевага: "Дүйнө жүзү шайлоону жылдырып жатат, аны айтпай хаоско алып келип жатасыңар!"

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Үмбеталы Кыдыралиев вице-премьер министрлик кызматына бара жаткан Эльвира Сурабалдиевага
"Жогорку Кеңеш өзүнүн шайлоосун жарым жылга узартты. Сиз өкмөт мүчөсү катары өз пикириңизди айтып коёсузбу, буга көз карашыңыз кандай?" деген суроо узатып, анын пикир билдирүүсүн өтүндү.

Сурабалдиева суроого төмөнкүдөй жооп узатты.

"Парламент легитимдүү отурабы же жокпу деген суроону берип жатасыз. Эгерде сиз Баш мыйзамдын 71-72-беренесин окусаңыз, бири-бирине карама-каршы келет. Биринчи берене боюнча 28-октябрда парламенттин 5 жылдык мөөнөтү бүтөт. Бирок ошол эле учурда жаңы чакырылыш отурмайынча, жаңы чакырылыштын биринчи сессиясы башталмайынча парламент отуруш керек деген талкуу болуп жатат. Буга толук жоопту конституциялык палата бериши керек деп эсептейм", - деди Сурабалдиева.

Ал эми бул жоопко канааттанбай, нааразы болгон Үмбеталы Кыдыралиев: "Эльвира Жыргалбековна, дүйнө жүзү боюнча 48 мамлекет эпидемиянын экинчи толкунуна байланыштуу жергиликтүү шайлоо мөөнөтүн узартышты деп жооп беришиңиз керек болчу", - деди.

Анын пикиринде, бул боюнча эч ким айтпай жатат жана бул хаоско алып келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан