Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралып жатат.
Депутат Аалы Карашев "Өтө оор тармакка бара жатасыз, жоопкерчиликти сезип жатасызбы? деген суроо берди.
Исмаилова: "Мен апрель айында вице-премьер-министрликке, оор тармакка баргам. Аракет кылып иштедим. Министрликтин дагы жумушу оор. Жоопкерчиликти сезип жатам", - деди.