Депутат пандемияда топтолгон каражаттар кайда жумшалгандыгы тууралуу так маалымат берилиши керектигин айтты

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда Аида Исмаилованын талапкерлиги вице-премьер-министр кызматына каралып жатат.

Депутат Рада Туманбаева пандемия маалында топтолгон каражаттар кайда жумшалгандыгы тууралуу так маалымат берилиши керектигин айтты.

Аида Исмаилова бардык маалыматтар басма сөз жыйындары аркылуу берилип турганын белгиледи.

"Маалымат жыйындарында жарыялап турдук деп жатасыздар. Элдин баары эле маалымат жыйынын карап олтурбайт да. Сайттарга жайгаштырып, коомчулукка кеңири жарыяланып турушу керек болчу", - деди Рада Туманбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан