Бүгүн, 25-сентябрь күнү өткөн футбол боюнча АФКнын президентинин Кубогу үчүн болгон чечүүчү беттеште “Дордой” жеңилди

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Малайзиянын Малакка шарында өткөн АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) президентинин Кубогу үчүн болгон чечүүчү беттеште бишкектик “Дордой” палестиналык “Хилал Аль-Кудс” клубуна 3:2 эсебинде жеңилди. Беттеш “Дордой” үчүн жакшы башталып, биринчи эс алууга кетер алдында Авазбек Откеев гол согуп, “Дордойду” алдыга чыгарган. Бирок палестиналык клуб эс алуудан кийин эсепти теңөөгө гана эмес, алдыга чыгууга жетишкен. Беттеш 3:2 эсебинде жыйынтыкталып, палестиналык клубдун пайдасына чечилди. Бул жеңилүүдөн кийин “Дордой” тайпадан чыгууга болгон акыркы мүмкүнчүлүгүнөн айрылды.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
strong01
2013-09-25 17:12:56
аттин ай аттин.
0
sher89
2013-09-25 22:44:48
Футболдон такыр чыга албадыкго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан