Спикер Исаев Исмаиловага: "Сизге министрлик кызматын ээлөө эрте экен"

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда. Анда спикер Канатбек Исаев Исмаилованы сындады.

"Өзүңүз бара турган министрликтин аталышын туура эмес айтып жатасыз. Социалдык өнүгүү жана коргоо деп айтып жатасыз. Өзүңүз жетектей турган министрликтин бюджетин билбейсиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо системин өзгөрттүңөр. Дарыгерлер коронавирус менен ооругандарды жүрөк оорудан каза болду деп катталганы боюнча маалыматым бар. Канча деген элдин убалына калдыңар. Өзүңүз көзөмөлдөгөн министрликтер тууралуу маалыматыңыз жок экен. Сизге министрлик кызматын ээлөө эрте экен", - деди ал.

Депутат Улугбек Ормонов бир эле адам бул ишке күнөөлүү эмес экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан